Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча коомдук талкуу эки жумага узарды


Бул тууралуу парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, бүгүн социал-демократтар, "Республика - Ата Журт", Кыргызстан, "Өнүгүү-Прогресс" жана "Бир Бол" фракцияларынын лидерлерин президент Алмазбек Атамбаев кабыл алып, референдум маселесин талкуулады. Алар алгач Москвадагы өрттүн жана Бишкек-Ош автожолундагы кырсыктын курмандыктарын эскерип, андан кийин талкууга өтүшкөнүн президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Натыйжада президент сын пикирлерди эске алууну сунуштап, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча коомдук талкууну эки жумага узартуу чечими кабыл алынды. Талкууга Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев чакырылган эмес. Эми Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси 10-сентябрга чейин талкууга коюла турган болду. Расмий түрдө референдумдун мөөнөтүн белгилөө тууралуу мыйзам долбоору парламент кароосуна сентябрдын ортосунда киргизилиши мүмкүн.

Иса Өмүркуловдун айтымында, Социал-демократтар, "Республика- Ата Журт", "Өнүгүү - Прогресс", Кыргызстан фракциялары Баш мыйзамга азыркы бойдон өзгөртүү киргизүүгө макулдугун билдирди. Бирок "Бир болдун" лидери ага кол коюудан баш тарткан. (NT)

XS
SM
MD
LG