Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:42

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн жетишкендиктерин пропагандалоо ишин күчөтүү талабын койду.

Өкмөттүк жыйында сүйлөп жатып ал өлкөнү таанылгыс кылып өзгөрткөн өзгөрүүлөр жүрүп, элдин жашоосу жакшырганын, жаңы шаарлар жана айылдар пайда болуп, көпүрө, аэропорт, мектеп, университеттер курулуп жатканын айтты.

Бирок, түркмөн президенти дүйнөдө мунун баарын жакшы билишпесин, жайылтуу ишин күчөтүү, чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланыш түзүү керектигин билдирди. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG