Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Кесиптешине бычак сайган милиция кызматкери камакка алынды


Ички иштер министрлиги билдиргендей, кесиптешине бычак сайган милиция кызматкери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына бүгүн камалды.

Окуя 28-августтун түнү башкалаадагы Арал көчөсүндө жайгашкан жатакананын жанында болгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө, Биринчи май райондук милиция кызматкерлери жумуштан кийин Комсомол көлүндө эс алып, жатаканага келишкенде сөз талашып, андан соң мушташа кеткени аныкталган. Кызматкерлердин бири үч жолу бычак жеп, ооруканага түшкөн. Азыркы тапта Свердлов райондук милициясы бейбаштык беренеси боюнча иш козгоду. Кылмышка шектүү 35 жаштагы милиция кызматкери камакка алынды. ИИМдин ички коопсуздук кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүдө. Материалдар шаардык прокуратурага өткөрүлүп берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG