Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Басмаканада курман болгондорду эскерүү Москвадагы элчиликте өттү


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдына Москва шаарынын тургундары, кыргызстандык мигранттар келип, гүлчамбар коюп, 27-августта өрттөн набыт болгон кыргызстандык кыз-келиндерди эскеришти.

Эскерүүгө келген жергиликтүүлөр кырсык тууралуу толук маалымат алган соң, пикирлери өзгөргөнүн айтып жатышты. Алар буга чейин жергиликтүү телеканалдар кырсыкка мигранттар өздөрү күнөөлүү деп берип жатышканын айтып, мигранттардын өлүмүнө аларды кабыл алуучу тарап – орус бийлигинин да күнөөсү бар экенин белгилешти.

27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн он жети киши набыт кеткен. Анын ичинен он төртү кыргызстандык кыз-келиндер. Алардын улуусу 45 жашта, көпчүлүгү 17-22 жаштагы кыздар.(LzT/ZKo)

XS
SM
MD
LG