Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Түркмөнстанда Акыйкатчы иштейт


Гурбангулы Бердымухамедов.
Гурбангулы Бердымухамедов.

Бул тууралуу түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Берлинде немис канцлери Ангела Меркел менен чогуу өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда, буга байланыштуу өлкөнүн Башмыйзамына өзгөртүү киргизилүүсү ыктымал. Бердымухамедов ошондой эле жаратылыш газына бай өлкөсү экспортту Евробиримдикке чейин кеңейтүүнү көздөрүн, бул тууралуу сунуш Еврокомиссияга берилгенин маалымдады.

Ал эми Германия канцлери Ангела Меркел Түркмөнстандын президенти чет элдик дипломаттардын түрмөдөгү абал менен таанышуусуна мүмкүнчүлүк берүү маселесин талдоого макулдугун бергенин билдирди. Берлинде биргелешип берилген маалымат жыйынында Меркел “Түркмөн президенти бул маселе боюнча тышкы иштер министрлери сүйлөшсүн, кийинчерээк дипломаттар түрмөлөрдү кыдырып, ал жердеги кырдаалга баа бере алышарын” айтканын маалымдады.

Human Rights Watch Берлинди Түркмөнстандагы саясий оппоненттердин абакка салынышын, жарандардын чет мамлекеттерге чыгуусуна тыюу салуу маселесин ачык талкуулоону талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG