Линктер

Германия менен Түркмөнстан чет өлкөлүк дипломаттарга түркмөн түрмөлөрүнө кирүү укугун берүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу немис канцлери Ангела Меркел Берлинде Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда айтты.

- Биз Түркмөнстандын түрмөлөрүнө кирүү тууралуу сүйлөштүк. Президент бул маселени адегенде эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери талкуулап, андан кийин дипломаттар түрмөлөрдү кыдырып, ал жактагы абалды изилдөө мүмкүнчүлүгүн алат деп убада берди, - деди Меркел.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Берлинди Түркмөнстан менен саясий оппоненттерди камоо, абактагы белгилүү журналистти бошотуу жана түркмөн жарандарынын сыртка чыгуу укугун чектөө маселелерин талкуулоого үндөгөн.

Бердимухамедов Конституцияны өзгөртүп, акыйкатчы кызматын киргизүүнү пландап жатканын айтты. Ал ошондой эле Европага газ экспорттоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү талкууланып жатканын кошумчалады. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG