Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Ислам Каримовдун тагдыры белгисиз бойдон калууда


Ислам Каримов
Ислам Каримов

Өзбек президенти Ислам Каримовдун абалы белгисиз бойдон калууда. Шейшембиге караган түнү айрым маалымат каражаттары ал каза болгонун жазышты, бирок бул кабар расмий тастыкталган жок.

Өтөн жекшембиде Өзбекстандын министрлер кабинети 78 жаштагы Ислам Каримов ооруканага жатканын кабарлап, бирок себебин жарыялаган жок.

Эртеси күнү кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева Instagram, Facebook баракчаларына атасы мээсине кан куюлуп, инсульт болуп Ташкенттеги оорукананын интенсивдүү терапия бөлүмүндө реанимацияда жатканын жазды. “Абалы туруктуу, бирок азыр кандайдыр бир божомол айтуу эрте" деп билдирди ал.

Өлкөнү 25 жылдан ашуун убакыттан бери башкарып келаткан Каримов 1-сентябрда Өзбекстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата майрамдык иш-чарага катышмак. (RK)

XS
SM
MD
LG