Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Президент террорчулукка каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды


Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардыруудан кийин.
Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардыруудан кийин.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кытайдын Бишкектеги элчилигинде болгон жардырууну иликтөөнүн жүрүшү тууралуу күч органдарынын жетекчилеринин маалыматын укту.

УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге окуянын чоо-жайын кылдат иликтөөнү тапшырды. Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алмай болду. Ошондой эле мамлекет башчы Бишкекте жана башка аймактарда террорчулукка каршы чараларды күчөтүүнү, маанилүү объектилерди, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү катуу кайтарууга алууну, эртеңки Эгемендик майрамына жана алдыдагы Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу эл көп топтолгон жерлерде коопсуздукту камсыздоону өкмөткө табыштады.

Бүгүн эртең менен Бишкектин Бакаев көчөсүндө жайгашкан элчиликте жанкечти өзүн жардырды. Ал "Мицубиси Делика" үлгүсүндөгү жардыргыч зат салынган автоунаа менен элчиликтин батыш тарабындагы брондолгон дарбазасын сүзүп кирип, катуу жарылуу болгон. Машине жана анын ичиндеги жанкечтинин денеси чачырап кеткен. Элчиликтин үч кызматкери жаракат алган. Жардырууну уюштурган адамдын ким экени азырынча белгисиз. Окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары иликтөөдө. (NT)

XS
SM
MD
LG