Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

"Ата Мекен" партиясы мигранттарга эстелик тургузат


Мигранттар.
Мигранттар.

«Ата Мекен» партиясы мигранттарга эстелик орнотуу үчүн скульпторлор арасында сынак жарыялады. Аталган партиянын бүгүн тараткан маалыматында мигранттар оор кыйынчылыктарга карабай, Кыргызстан көз карандысыздык алгандан бери өлкө экономикасына олуттуу салым кошуп келатканы, алардын көпчүлүгү мекенине кайтпай ар кандай шартта каза тапканы белгиленген.

Мындан улам партия Эгемендиктин 25 жылдыгына байланыштуу мигранттардын Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы чоң экенин баалап, аларды тарыхта калтыруу аракети көрүлүп жатканын билдирди.

"Мигранттар өкмөттөн эч нерсе сурабай бөтөн элде өмүрүн өткөрүп, өз туугандары менен жакындарына гана көмөктөшпөстөн, бүтүндөй мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө жардам берди", - деп айтылат билдирүүдө.

Эстелик мигранттардын эмгегине таазимди, ошондой эле күнкорсуз жылдарга урматты чагылдырат. (NT)

XS
SM
MD
LG