Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Керри АКШ жана Бангладеш теракттарга каршы бирге күрөшөрүн айтты


АКШ мамкатчысы Жон Керри жоочулардын Бангладешке чабуулунан кийин өлкөнүн чалгын кызматына жана укук коргоо органдарына жардам берилерин убада кылды. Бул тууралуу Рейтер маалымат агенттиги жазып чыкты.

“Биз бүгүн чалгын кызматтары менен укук коргоо органдары чогуу иштей турган кошумча кадамдарды талкууладык”,- деди Керри 29-августта Бангладештин борбору Даккада сүйлөп жатып.

Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн бул өлкө соңку кездеги тынымсыз кол салуулардан коргонуу үчүн болгон аракетин жумшоодо. Мындай коогалыңдын эң акыркысы өткөн айда Дакканын чет элдиктер көп жашаган райондо катталып, 22 киши жан берген.

Жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алганы менен Бангладештин бийлиги бул топтун өкүлдөрү өлкөдө жоктугун айтып келет.

Ал эми Керри жардырууну жасагандар менен экстремисттик топтун байланышын ырастаган далилдер барын билдирди.

XS
SM
MD
LG