Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Майрам күндөрү Бишкектеги бир катар көчөлөрдө унааларга чектөө киргизилет


Ала-Тоо аянты
Ала-Тоо аянты

31-август күнү Борбордук Ала-Тоо аянты таңкы саат 6дан түнкү 12ге чейин унаалар үчүн жабык болот. Чүй проспектинде Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин, Абдымомунов көчөсүндөгү Эски аянт Панфилов көчөсүнөн Эркиндик гүлбагына чейин, Киев көчөсүндө Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин 31-август күнү, саат 6дан түнкү 12ге чейин унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынат.

Унааларды токтотууга шаардын экинчи даражадагы көчөлөрүндө гана уруксат берилет.

Аскердик парадга катышуучу аскердик техникалардын жүрүшү үчүн Чүй проспекти, Дэн Сяопин көчөсү убактылуу жабылат. 31-август күнү саат 12:00-17:00 аралыгында "Ак-Кула" ат майданындагы ат оюндарына байланыштуу Термечиков көчөсү жабылып, ат майданынын жанына унаа токтотууга тыюу салынат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG