Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Ооганстандан Сербияга мигранттарды мыйзамсыз ташыган топ кармалды


Сербия чек арасына мыйзамсыз миграцияга каршы күзөт койгон
Сербия чек арасына мыйзамсыз миграцияга каршы күзөт койгон

Ооганстандан Сербияга мигранттарды мыйзамсыз ташыган топ кармалды. Сербиянын күч кызматтарынын маалыматына караганда, үч адамдан турган топ 64 ооган жаранын өлкөгө алып кирүүгө аракет жасаган.

Кармалган мигранттар арасында кош бойлуулар жана балдар да бар экени айтылууда. Баары тең автомашина менен ташылып келаткан.

Европага агылган мигранттардын өлкөгө кирүүсүнө тоскоолдук кылуу үчүн Сербия Болгария жана Македония менен чек арасына күзөт койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG