Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

АКШнын элчиси кыргызстандыктарды Эгемендик майрамы менен куттуктады


Эгемендик майрамы.
Эгемендик майрамы.

Элчинин видео куттуктоосу кыргыз тилинде жаңырды. Анда АКШнын элчиси чейрек кылым мурда кыргыз эли өз өлкөбүздү өзүбүз курабыз деп тандап алганын, эми жыйырма беш жылдан соң Кыргызстан Борбор Азия аймагындагы бирден-бир демократиялык лидери болуп калганын белгилейт.

Элчи айым ошондой эле 25 жыл мурун Кыргызстанды көз карандысыз өлкө катары АКШ биринчилерден болуп таанып, анын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө жардам колун сунганын, туруктуу достук жана кызматташтык мамиле өнүгүп келе жатканын айтты. Гуолтни айым АКШ менен достук мамиле Кыргызстандын коопсуздугуна жана гүлдөп өсүүсүнө багытталганын белгилеп, кыргызстандыктарга бактылуу эгемендүүлүк, бакубат жашоо каалады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG