Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Бүгүн Кыргызстандын эгемендигине 25 жыл


Эгемендик майрамы.
Эгемендик майрамы.

Буга байланыштуу 31-августта борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында аскер парады өтөт. Анда 1,5 миңден ашуун аскерлер, аскердик техникалар жана авиация көрсөтүлөт. Ушундай эле аскер парады түштүк борбору Ош шаарында да өтөт. Күндүзү өлкөнүн бардык аймактарында майрамдык оюн-зооктор болот. "Аккула" ат майданында улуттук ат оюндары уюштурулат. Кечинде эстрада ырчыларынын концерти менен фейерверктер салтанатты жыйынтыктайт.

Аскер парадына байланыштуу борбордук "Ала-Тоо" аянтында саат 9:00-12:00 чейин учкучсуз аппараттарды учурууга тыюу салынат. Башкы штабдын маалыматы боюнча, учкучсуз апараттар авиациянын ишине жана көрүүчүлөр менен параддын катышуучуларынын коопсуздугуна коркунуч жаратышы ыктымал.

Кыргызстан эгемендикке 1991-жылы жетишкен. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте он беш жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн кызматынан куулган. 2005-жылы анын ордуна келген президент Курманбек Бакиев да ушул эле себеп менен 2010-жылы Кыргызстандан куулган.

2010-жылы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчылыгына шайланып, бир жылдан кийин бийликти азыркы президент Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген.

Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандап алды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG