Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Евробиримдик Apple компаниясын 13 млрд евро салык төлөөгө милдеттендирди


Евробиримдиктин чечимине ылайык америкалык компания Ирландияга туумдары менен кошо 13 млрд. евро салык төлөп берүүгө милдеттүү. Лөк ишкана буга акыркы 11 жыл бою жеңилдетилген салыктан мыйзамсыз колдонуп келгени үчүн жыгылыштуу болууда. Биримдиктин атаандаштыкты өнүктүрүү комиссары Маргрет Вестахердин маалыматына караганда, үч жылдык иликтөөнүн натыйжасында Ирланд өкмөтү Apple компаниясына салыктан болуп көрбөгөндөй жеңилдиктерди берген. Ага ылайык, Appleдин 2003-жылдан 2014-жылга чейинки төлөгөн салыгынын деңгээли 1%дан 0,001% чейин төмөндөгөн.

Вестахердин айтуусунда, Евробиримдиктин ички мыйзамдары боюнча, айрым компанияларга жеңилдик берилбейт. Ирландия өкмөтү Apple компаниясына жеңилдиктер берилбегенин маалымдоодо.

Apple өзү Евробиримдиктин бул чечими боюнча пикир билдире элек. Бирок АКШ каржы министрлигинин өкүлү мындай бир жактуу чечим биримдикке сырт жактан инвестициялардын түшүүсүн солгундатат деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG