Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:01

ЖК төрагасы фракция лидерлери жана комитеттин төрагалары менен жолукту


Спикер фракция лидерлери менен.
Спикер фракция лидерлери менен.

Жолугушууда бир катар көйгөйлөр, анын ичинде Москва шаарындагы өрт кырсыгынан мерт кеткен кыргызстандыктар, 9 жарандын өмүрүн алып кеткен Бишкек-Ош жолундагы авто кырсык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Үңкүр-Тоо маселеси менен 4 кыргызстандык жарандын кармалышы, Кыргызстандагы Кытай элчилигиндеги жардыруу жана башка маселелер каралды.

Талкуунун жүрүшүндө биринчи кезекте чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого багытталган мыйзамдарды демилгелөө зарылдыгы белгиленди.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бул окуялардын өңүтүндө парламент депутаттары тарабынан өлкөдө туруктуулукту жана тынчтыкты сактоого зарыл шарттарды түзүү жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жагдайлары курч турат деп бекемдеди.

Бул тууралуу төраганын басма сөз кызматы маалымдады.

27-августта Москвада өрттөн каза болгон кыргызстандык кыз-келиндердин үй-бүлөлөрүнө төраганын фондунан 1 млн сом бөлүнүп берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG