Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Чет өлкө жетекчилери Кыргызстанды Эгемендик майрамы менен куттукташууда


Эгемендик майрамы.
Эгемендик майрамы.

Кыргызстандын Эгемендигинин 25 жылдыгы менен куттуктоолор президент Алмазбек Атамбаевдин атына 30-августтан тарта эле келе баштады. Алгачкылардан болуп, Орусия президенти Владимир Путин, Германия президенти Иоахим Гаук, Ирандын президени Хосан Роухани Кыргызстандын Эгемендик алганына 25 жыл толушу менен куттукташты.

Ушундай эле куттуктоолор Польша, Түркмөнстан, Молдова, АКШ, Корея, Индия, Ооганстан, Сьерра-Леоне, Бириккен Араб эмираттарынын президенттеринен, Улуу Британиянын канышасы Елизавета 2ден, Нидерланд, Бельгия жана Сауд Арабиянын королдорунан келген. Куттуктоо ээлери президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин Кыргызстандын Эгемендик алганына 25 жыл толушу менен куттуктап, өлкөнүн өнүгүүсүн, ортодогу достук-кызматташтык мамилелердин өркүндөшүн тилеп, кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубат жашоо каалашарын билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG