Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:59

Казак премьери Москвадагы өрттөн набыт кеткендердин жакындарына көңүл айтты


Москвадагы өрттө набыт болгон кыргыз кыз-келиндери.
Москвадагы өрттө набыт болгон кыргыз кыз-келиндери.

Карим Масимов көңүл айтуусун Кыргызстандын Астанадагы элчилигине келип, анда ачылган “Көңүл айтуу” китебинде калтырган. ТИМден маалымдашкандай, анда казак премьери “Москвадагы басмаканада кыргызстандык он төрт жарандын набыт кеткени тууралуу кабарды Казакстан терең кайгыруу менен кабыл алды. Казак өкмөтүнүн атынан жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун жакындарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам” деп жазган.

27-августта Москвада өрттөн набыт кеткендерге жана ошол эле күнү Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан каза тапкан тогуз кишиге байланыштуу 29-август Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Бул күнү Кыргызстандын чет мамлекеттердеги дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө желектер түшүрүлүп, “көңүл айтуу” китепчелери ачылган.

Мындан тышкары Кыргызстандагы Өзбекстандын, Иран, Оман, Канада, Испания, АКШ, Тажикстан жана башка өлкөлөрдүн элчиликтери да кырсыктан набыт кеткендердин жакындарына көңүл айтышты.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG