Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Элчиликтеги жардыруудан жараат алгандардын абалы туруктуу


Элчиликтин имараты жардыруудан кийин
Элчиликтин имараты жардыруудан кийин

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде болгон жардыруудан жапа чеккен эки адамдын абалы туруктуу. Алар кечээги окуяда жеңил жаракат алган. 1-сентябрда медициналык текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылышы мүмкүн.

30-август күнү эртең менен саат 9:40 чамасында жанкечти Кытайдын Бишкектеги элчилигине жардыргыч зат коюлган унаа менен кирип барып, өзүн жардырган. Жардыруудан Кыргызстандын эки жараны –элчиликтин кароолчулары жеңил жаракат алышкан.

Кыргыз бийлиги террорчулукка каршы чараларды күчөтүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды. Расмий Бээжин Кытайдын Бишкектеги элчилигине жасалган жанкечтинин чабуулун кескин айыптап, кылмыш ишин тыкыр иликтөөнү талап кылды. УКМК террорчулук боюнча кылмыш ишин козгоду. Өкмөт бул окуяны теракт катары сыпаттады. Жанкечтинин ким экени аныктала элек. (NT)

XS
SM
MD
LG