Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Атамбаев: Убактылуу өкмөттүн түзүлүшүнө каршы чыккам 


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги Эгемендиктин 25 жылдыгына байланышкан салтанатты ачып жатып билдирди. Ал 2010-жылдагы революциядан кийин утурумдук өкмөт түзүүгө каршы чыкканын жана Баш мыйзамды өзгөртүү аракеттерине да макул болбогонун айтты. «Революциядан кийин биз Отунбаеванын бийлигин легалдаштырганбыз. Бул туура кадам болчу. Башынан эле мен Убактылуу өкмөттү түзүүгө каршы болгом. Конституцияны да чукул өзгөртүүгө каршы чыккам. Парламент Отунбаеваны спикер катары шайлоого даяр эле. Балким, ушундай жол мыйзамдуу болуп, кан аз төгүлмөк», -деди Атамбаев.

Ал ошондой эле азыркы Баш мыйзам президенттик, парламенттик башкаруунун негизги мыйзамдары деген оюн айтып, аны өзгөртүү боюнча референдум сөзсүз өтүүгө тийиштигин белгиледи. (NT)

XS
SM
MD
LG