Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Каптагаев: Президенттин билдирүүсү саясий жаңжалдын башаты


Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

Мындай пикирин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев билдирди. Анын айтуусунда, президент Алмазбек Атамбаевдин эгемендик күнүндө билдирүүсү өлкөдөгү туруктуулукка шек келтириши мүмкүн.

-Президенттин сөзү абдан чоң саясий жаңжалдын башаты болуп калды. Бул абдан туура эмес иш болуп калды. Азыр өзүнүн жеке оюн айтып жатат. Бул боюнча Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өз пикирин билдиришет.

Каптагаев президент Атамбаевдин 2010-жылы Убактылуу өкмөттү түзүүгө каршы чыкпаганын билдирип, жакын арада Убактылуу өкмөт мүчөлөрү чогулуп, кеңешме өткөрөрүн маалымдады.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев эгемендик майрамына карата куттуктоосунда мурунку президент Роза Отунбаева баш болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сынга алган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG