Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандарды "маңкурт" деп атады


 Конституцияны өзгөртүүнүн демилгечилери.
Конституцияны өзгөртүүнүн демилгечилери.

Президент Алмазбек Атамбаев Эгемендик майрамына карата салтанатты ачып жатып, Баш мыйзамды жалпы элдик референдум аркылуу өзгөртүүгө чакырды. Эмдиги жылы бийликти өткөрүп берерин кайталады.

- Эмнеге азыркы Конституцияны сактап калабыз деп бүт кары кишилер топтолуп жатат. Акаевдин аспиранттары менен Бакиевдин адвокаттары. Азимжан Аскаров менен Кадыржан Батыровдун колдоочулары, башка мамлекеттен маяна алып, жан баккан грантчылар, маңкурттар менен жазмакерлер. Элдин каны төгүлгөн кезде гана пайда болгон "сасык саясатчылар". Албетте, Атамбаев таарынткан, иштен кетирген аткаминерлер. Көрүп турасыңар, алардын ар биринин артында себеби бар. Премьер же спикер болуп иштейин деген оюм жок. Бирок могу бузукуларга айткым келет. Эл силерге экинчи алданбайт! Бир жылдан кийин шайлана турган жаңы президент Акаев менен Бакиевдин жолуна түшүп, өлкөнү талап-тоноп, үй-бүлөлүк башкарууну орнотпосун десек, Баш мыйзамды өзгөртүү керек. Калп эле демократмын деп коюп, бийликке келем дегендердин топтолуп атканын көрүп турасыңар. Мунун сөзү гана "демократ". Мен бул адамдарды жакындан жакшы билем. Буларга мамлекеттүүлүк, эгемендүүлүктүн кереги жок. Бийлик менен байлык керек.

27-июлда президенттин сунушу менен парламенттеги КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана "Бир Бол" фракцияларынын лидерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өз ара макулдашып, ал коомдук талкууга коюлган. Ушул аптанын башында президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогон фракциялардын жетекчилери менен жолугушуп, сын- пикирлерди эске алуу менен бул багыттагы коомдук талкуу эки жумага узартылган. Оппозиция жана жарандык активисттер Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы чыгып, бул аракет бийликти узурпациялоого алып келерин айтууда. (NT)

XS
SM
MD
LG