Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Атамбаев: Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү кылган иштери үчүн жооп берет


Убактылуу өкмөт мүчөлөрү.
Убактылуу өкмөт мүчөлөрү.

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында өткөн майрамдык салтанат учурунда Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү кылган иштерине жооп бериши керектигин билдирди.

- Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү мародерчулук, банк ячейкалары жана Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттерди колдогону үчун жооп берчү күн келет. Айрым мүчөлөр кызматынан пайдаланып байыды. 2009-жылдарда тамеки менен нанга менден акча сурап жүргөндөр азыр миллионерге айланып, "Жип" минип жүрүшөт. Венеция комиссиясына кат жазат. Азыр бул боюнча бизде түз далил жок. Күч органдарында отурган мурунку жетекчилер, айрыкча мародерчулуктун изин тазалашкан. Бирок, эртеби-кечки чындык ачыкка чыгат. Мен буга толук ишенем. Кээ бирлери азыр эле ачыкталууда.

Президенттин бүгүнкү айткандарын бир катар Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жана оппозиция катуу сындап жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG