Линктер

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү чогулуп, президент Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү айткандарын талкуулашат. Бул тууралуу 2010-жылы Утурумдук өкмөттүн мүчөсү болгон Болот Шер "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, жакынкы күндөрү боло турган талкуудан кийин алар президенттин айткандары боюнча өз позицияларын жарыялашат.

31-августта Эгемендиктин 25 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтында болгон салтанатта президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн, өзүнүн мурдагы санаалаштарын кескин сындап чыккан. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG