Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Сирияда химиялык куралды ким колдонгон?


Сирия
Сирия

БУУнун Коопсуздук кеңешинде Сирияда химиялык курал колдонулганы боюнча баяндама угулду. Анда эки жолу газ түрүндөгү хлор колдонулганы айтылды. Бирок Сирия өкмөтүнө каршы санкция киргизүүгө Орусия каршы чыгып, химиялык куралды кайсы тарап колдонгону боюнча далилдер жетишсиз деп атады.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирияда химиялык курал колдонулганы боюнча баяндаманы жабык түрдө карады.

Бириккен Улуттар Уюмунун химиялык куралга тыюу салуу уюмунун башчысы Виржиния Гамба Сириядагы бир жылдык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча 30-августта Нью-Йоркто журналисттерге маалымат берип жатып, буларды айтты:

- БУУнун химиялык куралга тыюу салуу тобунун өкүлдөрү үч учурда химиялык курал колдонулганы боюнча жетиштүү маалымат топтолгонун белгиледи. 2014-жылдын 21-апрелинде Талманисте, 2015-жылдын 16-мартында Сарманисте колдонулган. Топ Сириянын аба күчтөрү андай куралды колдонууга жоопкерчиликтүү деген жыйынтыкка келди.

Виржиния Гамба химиялык куралды колдонуу азыркы кезге чейин уланып жаткандыгын, ошондуктан аны колдонгондор жазасын алууга тийиш деп кошумчалады.

Сириянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Башар ал-Жафари баяндамадагы маалыматтар бир жактуу топтолгон жана далилдери жетишсиз деп атады:

- Баяндамадагы тыянактар террорчу топтор тараптан сунушталган күбөлөрдүн билдирүүлөрүнө негизделген. Анын үстүнө ал тыянактардын медициналык бүтүм же кандайдыр бир буюм жана үлгү катары көрсөтүлгөн далили жок. Жыйынтыгында биздин колубузда хлор колдонулганы боюнча далил жок.

Орусиянын Улуттар Уюмундагы өкүлү Виталий Чуркин БУУ эксперттеринин баяндамасында химиялык курал колдонулганы боюнча “эки окуя келтирилип, ага Сирия тараптын айыбы бар деп айтылат. Бирок бизде ал боюнча өтө олуттуу суроолор бар” деп билдирди 30-августта.

“Баяндамада кимге санкция киргизилери айтылган эмес. Эч кимдин ысымы аталган жок. Эч кимдин колунун изи жок... Булоосу чыгып турган тапанча гана бар. Хлор чындыгында колдонулганы байкалат. Бирок тапанчада манжанын изи жок” деп кошумчалаган Виталий Чуркин.

Орус элчиси ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун инспекторлорунун 24-сентябрдан кийин да химиялык курал колдонууну иликтөөсү үчүн убакытты узартууга каршы экенин айтты. Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү. Ошондуктан ал Коопсуздук кеңешинин чечимине вето кое алат. Аны менен Сирияда химиялык куралды иликтөө узартылбай калышы толук ыктымал.

Сирияда бул арада Кошмо Штаттар “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюмдун лидерлерин жок кылууну улантты. Пентагондун 30-августтагы маалымдоосуна караганда, ИМ тобунун командирлеринин бири Абу Мухаммад ал-Аднаниге сокку урулду. Пентагон анын жок кылынганы ырастала электигин билдирди.

Ал эми ИМ менен байланышкан Amaq маалымат булагы Аднани Алепподо өлтүрүлгөнүн 30-августта маалымдады. Пентагондун расмий өкүлү Питер Кук Абу Мухаммед ал-Аднанини “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмдун “тышкы операцияларынын архитектору” жана башкы өкүлү деп атады.

Сириянын түндүгүндө болсо, Түркиянын ИМ тобу жана күрт түзүлүштөрүнө каршы операция жүрүп жатканы белгилүү. 30-августта эки тарап ок атышууну токтото турууну макулдашканы кабарланды. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби ал алты саатка созулганын, АКШ аны улантууга кызыкдар экенин билдирди.

Түркия 24-августта Сирия түндүгүндө операциясын баштаганда ошол күнү Анкарага келген Американын вице-президенти Жо Байден Түркиянын аракеттерине колдоо көрсөткөн. Бирок Түркия куралдуу күчтөрүнүн операциясы ИМге эле эмес, АКШ колдогон күрт түзүлүштөрүнө каршы багытталышы Вашингтонду тынчсыздандырууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG