Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Көчмөндөр оюндарынын ачылышына кирүү билеттери сатылып бүттү


Көчмөндөр оюндары. 9-сентябрь, 2014.
Көчмөндөр оюндары. 9-сентябрь, 2014.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине кирүү үчүн билеттер толук сатылып бүттү. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди. Маалыматка караганда, азыркы кезде жабылыш аземи үчүн билеттер сатыла баштады. Иш-чаранын спорттук жана маданий программалары бекитилди. Мелдештерге 53 мамлекеттен келген миңге жакын оюнчулар катышып, спорттун 23 түрү боюнча күч сынашат.

Аларды 500гө жакын маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырат. 35 мамлекеттин 320дай журналисти каттоодон өткөн. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Оюндардын ачылыш аземи Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 3-сентябрда болот. 4-сентябрда Кырчын жайлоосунда расмий түрдө этнофестиваль ачылат. (NT)

XS
SM
MD
LG