Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Ош шаарындагы эгемендик майрамы

Бүгүн Кыргызстанда Эгемендиктин 25 жылдыгы белгиленүүдө. Ага карата Кыргызстан боюнча ар кандай иш-чаралар өттү. Ош шаарынын борбордук аянтындагы салтанатта тартылган сүрөтбаянды сунуштайбыз.

Кыргызстан эгемендикке 1991-жылы жетишкен. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте он беш жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн кызматынан куулган. 2005-жылы анын ордуна келген президент Курманбек Бакиев да ушул эле себеп менен 2010-жылы Кыргызстандан куулган.

2010-жылы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчылыгына шайланып, бир жылдан кийин бийликти азыркы президент Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген.

Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандап алган.

16x9 Image

Эрнист Нурматов

"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG