Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Кытай терактты иликтөөдө Кыргызстанга жардам берет


Кытай элчилигине караштуу имарат жардыруудан кийин. 30-август, 2016-жыл.
Кытай элчилигине караштуу имарат жардыруудан кийин. 30-август, 2016-жыл.

Кытай Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин бүгүн билдиргендей, Бээжин Бишкек менен анын Кыргызстандагы элчилигине жасалган кол салуунун артында турган “адамдар жана топтор тууралуу маалыматты тезирээк алуу жана аларды табуу үчүн иштешет”.

Жанкечти кечээ өзү айдаган автоунааны жардырар алдында Кытайдын Бишкектеги элчилигинин дарбазасын сүзүп кирген.

Жарылуудан элчиликтин үч кызматкери жеңил жараат алган. Эки өлкө тең бул окуяны теракт деп аташты. Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Кыргызстандын атайын кызматы жардырууга байланыштуу Кылмыш кодексинин терроризм беренеси боюнча иш козгоп, иликтөө жүргүзүп жатат.

Кытай тышкы иштер министрлиги бүгүн өлкө жарандарын Кыргызстанга баруудан карманууга чакырып, ал эми өлкөдө жүргөндөрүнө сак болууну эскертти. (UE)

XS
SM
MD
LG