Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Кубага АКШдан коммерциялык учак келип конду


АКШ учагы.
АКШ учагы.

Бул учак акыркы элүү жылдан ашык мезгилден берки алгачкы учак. Jet Blue аба компаниясынын учагы Флоридадагы Форт-Лодердейлден 31-август күнү эрте менен учуп чыгып, Кубанын борбордук бөлүгүндөгү Санта-Кларага бир сааттан кийин келип конду. Учактын бортунда 150 жүргүнчү, анын ичинде АКШнын транспорт министри Энтони Фокс да болгон. Учактын экипажы Кубадан чыккан америкалыктар.

Куба менен АКШнын мамилеси 2014-жылдын декабрынан бери жылый баштаган. Өткөн жылы Гавана менен Вашингтондо эки өлкөнүн элчиликтери ачылган. Президент Барак Обама март айында Кубага барган, ал эми май айында америкалык алгачкы саякат лайнери Кубанын портуна токтогон.

XS
SM
MD
LG