Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Телемунаранын Өзбекстан кармап кеткен жумушчулары бошотула элек


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Мамлекеттик чек ара кызматы аларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа бере электигин маалымдоодо. Акыркы маалыматтар боюнча, Үңкүр-Тоого 22-августта келип түшкөн өзбекстандык десанттар да чыгып кетише элек.

Кечээ Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги 24-29-август күндөрү эки өлкөнүн чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялары жолугуп, чек арадагы бир катар участкаларды жеринен иликтегенин жазды. Өзбек ТИМинин маалыматы боюнча, жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен протоколго кол коюлуп, кыргыз-өзбек чек ара көйгөйүн чечүү үчүн тилкелерди иликтөө иштерин улантуу макулдашылды. Өзбек ТИМи Кыргызстан менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жакшы маанайда, конструктивдүү болгонун маалымдады.

Кыргызстан тарап бул маалыматтар боюнча азырынча эч кандай пикир билдире элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG