Линктер

"Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев парламенттин бүгүнкү жыйынында мамлекеттин тагдыры Жогорку Кеңештин колунда экенин билүүгө, жоопкерчиликти сезүүгө фракция лидерлерин жана депутаттарды чакырды.

-Силер лидерсиңер. Өлкөнүн тагдыры силердин колуңарда. Биз бирөөнүн малайы эмеспиз. Эл өкүлүбүз. Эч ким бизге кайсы бир кабинетке чакырып көрсөтмө бербеши керек. Ошон үчүн бизди Жогорку Кеңеш дейт. Алты фракциянын лидери жана депутаттар бүгүн да Конституцияны туура нукка бурганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бизди эмне деп шылдыңдабасын, келекелебесин, бизден башка кыргыздын карманары жок. Азыр каргаса да, жамандаса да Жогорку Кеңешке тиешелүү. Анткени өзүбүз ошого жол берип жатабыз. Парламенттин деңгээли мындай төмөн деңгээлге түшкөн эмес.

Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин 31-август Эгемендик майрамында сөз сүйлөп жатып Убактылуу өкмөткө, оор мезгилде элдин жүгүн көтөргөн Роза Отунбаевага асылып чекилик кетиргенин да билдирди.

Президент Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн, өзүнүн мурдагы санаалаштарын кескин сындаган болчу. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG