Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:27

Кыргызстанда 230дан ашык мугалим жетишпейт


Жаңы окуу жылы башталды.
Жаңы окуу жылы башталды.

Кыргызстан боюнча 231 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Элвира Сариева Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Сүймөнкүл Чокморов атындагы мектепте жаңы окуу жылынын ачылышында билдирди. Анын айтымында, быйыл жазында эки миңдей мугалим жетишчү эмес. Жогорку окуу жайларын аяктаган жаш адистердин эсебинен алардын саны 231ге кыскарды.

Элвира Сариева быйылкы окуу жылында 100гө чукул мектеп авариялык абалда турганын кошумчалады.

Бүгүн Кыргызстанда 2200дөн ашуун жалпы билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы башталды. Расмий маалыматтар боюнча, быйыл 1 091260 бала мектепке барат. Анын жүз миңден ашууну алгачкы жолу мектеп босогосун аттады. (NT/SDz)

XS
SM
MD
LG