Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Баткен: Бешкент айыл аймак башчылыгына шайлоо өтүп жатат


Айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо.
Айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо.

Лейлек райондук мамлекеттик акимчилигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, шайлоодо Бешкент айыл аймак башчысынын милдетин аткарып турган Таалай Алимбековдун гана талапкерлиги коюлган. Аймакта ушул жылдын 27-мартында жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо өтүп, 21 депутат шайланган. Ал эми айыл аймак башчысын шайлоо 11-майга белгиленип, депутаттар аны шайлай алышкан эмес. 7-июнда да шайлоо болуп, экинчи ирет да шайлоо натыйжасыз аяктаган.

Бешкент айылдык кеңешинин депутаттары БШКга кайрылып, жергиликтүү кеңешти таркатпай туруп, айыл аймак башчысын кайра шайлоого мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнгөн болчу. (JsA)

XS
SM
MD
LG