Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Өзбекстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жанданды


Чек ара.
Чек ара.

24-29-август күндөрү Өзбекстанда өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, өкмөттүн делимитация жана демаркациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искендеров баштаган топ коңшу өлкөнүн адистери менен жолугуп, төрт күн бою Наманган облусу менен чектешкен аймактагы талаштуу чек ара тилкелерин жеринде кыдырып чыкты. Өзбек тарап чек ара маселелеринин эртерек чечилишине кызыкдар экенин айтышкан.

Делегация курамында Аксы, Ала-Бука, Ноокен жана Сузак райондорунун расмий өкүлдөрү да кирген. Анаркулов Өзбекстанда кармалып турган төрт кыргызстандык жаран боюнча маселе ачык бойдон калганын кошумчалады.

Мамлекеттик чек ара кызматы аларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа бере электигин маалымдоодо. Акыркы маалыматтар боюнча, Үңкүр-Тоого 22-августта келип түшкөн өзбекстандык десанттар да чыгып кетише элек. (RsK)

XS
SM
MD
LG