Линктер

Казакстанда коопсуздук боюнча бир нече мыйзам долбоорлору Мажлиске сунушталат. Бул тууралуу президент Нурсултан Назарбаев бүгүн парламент палаталарынын биргелешкен жыйынында билдирди.

Президент мыйзамдар экстремизм, терроризм, контрчалгындоо ишмердиги, дактилоскопиялык жана геномдук каттоо, пробация, маалыматтык коопсуздук темаларын камтый турганын белгиледи.

“Биз ал мыйзамдарды иштеп чыгып, өлкө коопсуздугу үчүн депутаттардын кабыл алуусуна сунуштайбыз”, деди Назарбаев.

Июнь айында Казакстанда «радикал диний агымдардын» жактоочулары делген топ эки курал-жарак дүкөнүн тоноп, Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салышкан. Анын кесепетинен төрт жай тургун жана үч жоокер набыт болгон. 18-июлда Алматыда жалгыз киши полиция кызматкерлерине кол салып, беш адамдын өмүрү кыйылган.

Ошондон кийин өлкөдө террор коркунучунун "сары" чегинин мөөнөтү 2017-жылдын 15-январына чейин узартылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG