Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Ооганстандагы чабуулда сегиз киши набыт болушту


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстандын Логар провинциясындагы райондук башкармалыктын кеңсесине жакын жердеги чабуулдан сегиз киши набыт болушту. Атышуу менен коштолгон жардырууда мерт болгондор Талибан террордук кыймылынын жоокерлери деп кабарланууда.

Логардын губернатору Мухаммед Халим Фидайенин “Азаттыкка” айтышынча, бомба коюлган унаа 1-сентябрдын таңында жардырылган. Талибан жоокерлери андан кийинки эки саатка созулган атышууда жок кылынды. Андан ооган коопсуздук күчтөрүнүн бир жоокери жаракат алган.

Окуя болгон жер башкалаа Кабулдан 60 чакырым түштүктө.

XS
SM
MD
LG