Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:50

Трамп АКШ-Мексика чегинде дубал куруу ниетин кайталады


 Дональд Трамп Мексика президенти Энрике Пенья Ньето менен.

Дональд Трамп Мексика президенти Энрике Пенья Ньето менен.

АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп Аризонадагы жолугушууда өлкөнүн Мексика менен чегинде дубал куруу ниетин кайталады.

"Биз түштүк чек арабызды бойлогон дубалды Мексиканын эсебинен курабыз. Алар курулуштун чыгымын көтөрүшөт" деген республикачы талапкер дубал мыйзамсыз миграция менен маңзат соодагерлеринин жолун бөгөй турганын кошумчалады.

Андан бир нече саат мурда эле Трамп Мексика президенти Энрике Пенья Ньето менен жолугушкан болчу.

Ньето "Твиттердеги" баракчасына дубал идеясын кескин четке какканын жазды.

Трамп Аризона жолугушуусунда ​АКШда кылмыш жасагандарды жана миграциялык кызмат тарабынан кармалгандарды гана өлкөдөн чыгаруу ниети менен миграциялык саясатын жумшартуу ишаратын билдирди.

Мурда ал өлкөгө мыйзамсыз киргендердин баарын депортациялоо зарылдыгын айтып келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG