Линктер

Акыркы эки күндө Тажикстанда аялдар абактарынан 500дөн ашуун зайыптар эркиндикке чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматына Жаза аткаруу башкармалыгынан билдиришкен.

Алар Тажикстандын эгемендигинин 25 жылдыгына байланыштуу мунапыс алышкан. Мындан тышкары өспүрүмдөр абагынан да бошотулгандар бар экени айтылат.

"Мунапыс жөнүндө" мыйзамды парламентке өткөн жумада президент сунуштап, кабыл алынган. Ага ылайык, абактагы 12 миң кишинин жаза мөөнөтү кыскартылып, 3 миңи бошотулат.

Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон мурдараак адам өлтүргөндөр, конституциялык түзүлүш, өлкө коопсуздугуна каршы кылмыш кылгандар жана террорчулук, экстремизм боюнча соттолгондор мунапыска илинбей турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG