Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

ЖККУ төрагасы Үркүндүн курмандыктарына арналган эстеликтин ачылышына катышат


Сүрөтчү Семён Чуйковдун "16-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшү" деген сүрөтүнүн көчүрмөсү.

Сүрөтчү Семён Чуйковдун "16-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшү" деген сүрөтүнүн көчүрмөсү.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Кабарга караганда, Кыргызстанга келген Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун төрагасы Николай Бордюжаны бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды.

Жолугушууда уюмдун азыркы иши жана быйыл октябрга белгиленген жыйынга даярдыктардын жүрүшү талкууланды. Тараптар эл аралык террорчулук жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен пландарды, аймактык коопсуздукту камсыздоо багытындагы аракеттерди да ортого салышты.

Николай Бордюжа эртең 1916-жылдагы кандуу окуяларда курман болгондордун урматына орнотулган эстеликтин ачылышына катышат. Иш-чара Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде өтөт. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG