Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

Абу-Дабидеги кыргыздар Эгемендик майрамын белгилешти


Абу-Дабидеги кыргыздар. 31-август, 2016-жыл.

Абу-Дабидеги кыргыздар. 31-август, 2016-жыл.

31-август күнү Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу-Даби шаарында жашаган кыргызстандыктар Эгемендик майрамын белгилешти. Көзкарандысыздык күнүнө арналган майрамдык иш-чара БАЭнин баш калаасында кыргызстандыкк активисттердин демилгеси менен алгачкы жолу уюштурулду.

Салтанаттуу кече Москвада өрттөн курман болгондорду эскерүү менен башталды. Андан соң Кыргызстандын БАЭдеги элчиси Чыңгыз Эшимбеков сөз сүйлөп, жалпы кыргызстандыктарды Эгемендик күнү менен куттуктады. Элчи өз сөзүндө, чет жактарда иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын, анын ичинде БАЭдеги кыргызстандыктардын өлкө экономикасынын өнүгүшүнө салымы чоң экенин белгиледи.

Кеченин сыйлуу коногу Дубайдагы Зайд университетинде эмгектенген кыргызстандык профессор Жалалидин Жээнбай "жаштар күн сайын Кыргызстанды ойлонуп, мекенибизди өнүктүрүүгө жакшы иш жасап, же жасоого даярданып жүрүшү керек", - деди.

Ошондой эле кече Кырызстандын тарыхы, маданияты, улуттук баалуулуктары, кыргыз залкарлары тууралуу сынак, оюн-зооктор менен коштолду.

Концерттик бөлүктө ырчы Гүлжигит Калыковдун жана Дубайда жашаган кыргыз кыздарынын ыр-бийлери тартууланды.

Иш-чаранын соңунда кеченин катышуучулары Орусияда өрттөн каза тапкандардын жакындарына материалдык жардам көрсөтүү максатында каражат топтошту.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG