Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:32

Орус акыйкатчысы кыргызстандык мигранттардын укуктук сабатын көтөрүүнү сунуштады


Москвада өрттөн набыт болгон кыргызстандык кыз-келиндер.
Москвада өрттөн набыт болгон кыргызстандык кыз-келиндер.

Омбудсмен Кубат Оторбаев 30-августта Москвадагы сапары учурунда орусиялык кесиптеши Татьяна Москалькова менен жолугушуп, мигранттар маселесин көтөрдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматынан билдиришти.

Оторбаев 17 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгына жооптууларды жоопко тартууну, тилсиз жоону өз убагында өчүрүүгө киришпеди деген сынга кабылган Орусиянын өрт өчүрүүчүлөрүнүн аракетине тиешелүү баа берүүнү, быйыл январда Москвадагы тигүү цехинде болгон өрттүн чоо-жайын иликтөөнүн жыйынтыгын тездетүүнү, 19-августта орус полиция кызматкерлеринен токмок жеп ооруканага түшкөн Бактыгүл Калматованын ишин жеке көзөмөлгө алууну суранды.

Татьяна Москалькова өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтып, Орусияда миграция саясаты катаалдашканын, мигранттар орус мыйзамдарын, өз укуктарын жана милдеттерин билбегендиктен запкы көрүп жатканын белгиледи. Кыргызстандын өкмөтү Орусияга кетип жаткан жарандардын укуктук сабатын көтөрүү аракетин көрүшү керектигин сунуштады.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн акыйкатчылары жарандардын укуктарын, эркиндигин коргоодо биргелешип кызматташууну макулдашты. (NT)

XS
SM
MD
LG