Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Үңкүр-Тоодо кармалгандардын тагдыры белгисиз


Өзбекстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жанданганы менен Үңкүр-Тоодогу жагдай өзгөрүүсүз кала берүүдө. Телемунаранын 22-августта кармалып кеткен кызматкерлери да коё бериле элек.

Ал арада аксылык жигиттерден куралган топ алдыдагы күндөрү Үңкүр-Тоодогу өзбек милиционерлерине өздөрү барарын айтып чыгышты.

Өзбекстандын Жаңы-Коргон районундагы милиция бөлүмүндө кармалып турган төрт кызматкердин бири Урмат Бердалиевдин жакындары байма-бай жергиликтүү бийликтин эшигин каккылап, тууганын бошотуп берүүсүн талап кылып келишет. Анын эжеси Айнагүл Бердалиева инисинин үй-бүлөсү санааркап, түн уйкудан калганын айтты:

- Он күн өттү, эч бир жыйынтык жок. Күн сайын облустук бийликке келип, арманыбызды айтабыз. Инимдин аялы үйдө ооруп жатат, агам да ооруп калды. Апам бул тууралуу уга элек. Бийлик сүйлөшүп жатабыз дегенинен жакшы болуп кетээр деп турабыз. 22-август күнү иним Өзбекстандын номери менен телефон чалып, жактоочу менен келип эки күн ичинде алып кетүүсүн суранган. Андан бери байланыша элекпиз. Майрам артынан майрам болуп бийликтин эсинен чыгып бараткандай. Биз эми кимге кайрылып, кандай айла кыларыбызды да билбей калдык.

24-29-август күндөрү Өзбекстанда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, ал ийгиликтүү аяктады. Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркуловдун айтымында, делегация курамына өкмөттүн делимитация жана демаркациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искендеров Аксы, Ала-Бука, Ноокен жана Сузак райондорунун расмий өкүлдөрү кирген. Анаркулов Өзбекстанда кармалып турган төрт кыргызстандык жаран боюнча маселе ачык бойдон калганын кошумчалады.

- Биздин адистер баштаган топ коңшу өлкөнүн адистери менен жолугуп, төрт күн бою Наманган облусу менен чектешкен аймактагы талаштуу аймактарды кыдырып чыктык. Алар да чек ара маселелеринин эрте чечилишине кызыкдар. Жолугушуу соңунда конструктивдүү бир пикир табылып, ымалага келе алдык.

Ал арада саясатчы Азимбек Бекназаровдун президент Алмазбек Атамбаевге видео кайрылуусу интернетке жарыяланды. Анда Бекназаров Эгемендиктин 25 жылдыгына карата өткөн салтанатта президенттин айткандарын сындап, Атамбаев чечүүгө муктаж чек ара маселелерине кайрылбай, Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандарды айыптаганы туура эместигин айтып чыкты.

Азимбек Бекназаров 1-сентябрда Жогорку Кеңештин күн тартибине биринчилерден болуп Үңкүр-Тоо маселеси каралышы керектигин, бул жер Өзбекстандыкы деген документтерге тиешелүү аткаминерлерди элге ачык жарыялоону, мурунку документтерди жокко чыгарып, бул боюнча расмий Ташкентке нота жолдоону, өзбек милицияларын чыгарууну талап кылды. Эгерде ал аткарылбаса, элдик курултай чакырыларын кошумчалады.

- Эгер аскерлериңиздин же чек ара кызматынын күчү жетпесе, андай укукту мага бергиле. Кыргызстандын патриот жигиттеринен турган топтун Үңкүр-Тоодон коңшулардын чек арачыларын чыгарууга кубаты жетет. Эгемендиктин 25 жылдыгында Конституцияны өзгөртөм деп айтканыңызга түшүнбөй турам. Бүгүнкү күнү сиз мамлекеттин президентисиз, кол башчысыз.Ошону менен бирге тышкы саясатты аныктаган кишисиз. Үңкүр-Тоого байланыштуу маселедеги эң жогорку деңгээлдеги күнөөлүү адамсыз. Анткени буга байланыштуу бардык мыйзамдуу бийлик сиздин колуңузда.

Үңкүр-Тоого Өзбекстан өз аскерлерин жайгаштыргандан тарта Орто-Токой суу сактагычы боюнча Кыргызстанга талап коюп келет. Анда быйыл жыл башында коюлган өткөрүү постун алып салуу маселесин койгон.

Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычы Советтер Союзу учурунда курулуп, ошондон тартып коңшу өлкө пайдаланып келет. Суу сактагыч чек арадан 13 чакырым бери жайгашкан. Быйыл май айында Өзбекстан пайдаланып жаткан бир катар объекттер мамлекеттин менчигине өткөн.

УКМК төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Чоткараев өткөн жума соңунда Аксыда өткөн митинг учурунда коңшу өлкөнүн таарынычы ушул жагдайдан улам жаралып жатат деди.

- 2015-жылдан тартып биздин өлкөдө Өзбекстан пайдаланып келген объекттерди кайтаруу иштери башталган. Быйыл ири деп саналган 15 объектти мамлекетке кайтардык. Алар Ноокен районундагы суу насостук станциясы, Ысык-Көлдөгү пансионат, мунай жана авто база ж.б. Азыркы учурда аларды биз колдонуп жатабыз. Булар азыр байкап калып, Орто-Токой суу сактагычын да алып коёт экен деп ушундай кадамга барып жатышат. 2006-жылы Үңкүр-Тоону Бакиев протоколго кол коюп берип жиберген экен. Бирок бул жер мурдатан бери биздин пайдалануубузда жана бизге тиешелүү деген саясатты бийлик дагы карманып, аларга талап коюп жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматы кармалгандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа бере электигин маалымдоодо. Акыркы маалыматтар боюнча, Үңкүр-Тоого 22-августта келип түшкөн өзбекстандык десанттар да чыгып кетише элек жана алардын саны көбөйгөнү маалымдалды.

XS
SM
MD
LG