Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Кытай кыргызстандыктарга виза берүүнү убактылуу токтотту


Кытайдын элчилиги терактка байланыштуу кыргызстандыктарга виза берүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу бейшембиде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

“Мурдараак виза боюнча Кытай элчилигине кайрылган кыргызстандыктардын паспорттору Кыргызстандын консулдук департаментине кайтарылат”, - деп жазылат маалыматта.

Иш кайра качан калыбына келтирилери белгисиз. Тек гана калыбына келгенде кабарланары айтылат.

30-августта күндүзгү 10дордо Бишкектеги Кытай элчилигинде жардыруу болгон. Элчилик дарбазасын унаасы менен сүзгөндөн кийинки жарылуудан жанкечти өлүп, анда иштеген чарбалык үч кызматкер жараат алышкан.

УКМК буга байланыштуу терроризм беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Кытай уюштуруучуларды тез арада таап, жазалоону талап кылууда.

XS
SM
MD
LG