Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Казакстан терроризмге каршы күрөштү күчөтөт


Президент Нурсултан Назарбаев дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү сыяктуу эле Казакстан да террордук коркунучка түздөн-түз туш болгонун айтып, ага каршы туруу үчүн тиешелүү мыйзамдарды кабыл алуу керектигин баса белгиледи.

Парламенттин кезектеги сессиясынын ачылышына катышкан Нурсултан Назарбаев өлкөнүн саясий, экономикалык жана социалдык жашоосундагы негизги маселелерге токтолуп, коопсуздук проблемасына өзгөчө басым жасады.

Дүйнөдөгү соңку окуяларды мисал келтирген президент бир да өлкө терроризмден корголбогонун, мындай коркунуч Казакстан үчүн да реалдуулукка айланганын айтты.

Ал казак өлкөсү Эгемендиктин кезектеги чейрек кылымына өтө жөнөкөй эмес маалда киришип жатканын баса белгилеп, бардык коркунучтарга бирге каршы турууга чакырды:

- Алдыдагы чейрек кылымды татаал мезгилде баштап жатабыз. Бирок бул жагдай Казакстанды Евразия аймагындагы эң мыкты өнүккөн мамлекеттердин катарына жана дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөр клубуна мүчө кылып киргизүү максатыбыздан кайтууга шылтоо болбошу керек. Бул үчүн бүтүндөй мамлекеттин, анын ичинде мыйзам чыгаруу бийлигинин, азыркыдан да бекем аракети талап кылынат, - деди Назарбаев.

Казак президенти «Актөбөдө жана Алматыда жасалган террордук чабуулдардан улуттук гвардиячылар, полиция кызматкерлери жана бейкүнөө жарандар курман болгонун» эскертип, коомдогу абалды чайпалтууга аракет кылган ички да, тышкы да күчтөр бар деди. Аларды «учурдан пайдаланып жеке максатына жетүүнү көздөгөндөр» деп атады.

Назарбаевдин бул сөзүн мамлекеттик телеканалдар түз көрсөтүп жатты.

Казак лидеринин айтымында, коопсуздукту камсыз кылуу максатында анын жеке тапшырмасы менен иштелип чыккан жети мыйзам долбоору парламенттин кароосуна коюлат. Алар:

- Экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү, контрчалгындоо ишмердүүлүгү, дактилоскопиялык жана геномдук каттоо, пробация, өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун бекемдөө багыттары боюнча мыйзам долбоорлор…

Сунуштала турган мыйзам долбоорлорунун мазмуну азырынча белгисиз, бирок алар «айрым бир нерселерди бузуп жатасыңар деген айыптоолорго карабастан» кабыл алынат деди Назарбаев.

Ал арада Казакстанда радикал топтун мүчөсү деген шек менен 21 жаран кармалды. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети тараткан маалыматта 12-30-август күндөрү Батыш Казакстан жана Актөбө облустарында үч топтун иши токтотулганы айтылат.

"Алар күч кызматкерлерине кол салып, эл көп чогулган жерлерде теракт уюштурууга камынып жаткан. Тинтүү учурунда алардан курал-жарак, жардыргыч заттар, экстремисттик китеп-баракчалар жана эл аралык террордук топтордун атрибуттары табылды" деп билдирди атайын кызмат.

Батыш Казакстан облусунда 10, Актөбөдө 11 адам колго түшүрүлдү. Аларга карата «Социалдык жана диний кастыкты козутуу», «Терроризмге үгүттөө» деген беренелер боюнча кылмыш иш козголду.

Быйыл 5-июнда Актөбө шаарында 25 согушкерден турган топ бир нече жерге кол салып, сегиз адам, алардын арасында үч аскер кызматкери набыт кеткен. Атайын операция маалында куралчан топтун 18 мүчөсү жок кылынып, калган жетөө камакка алынган. Аларга карата терроризм беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон.

Ал эми 18-июлда Алматыда жалгыз адам полиция кызматкерлерине кол салып, беш өмүр кыйылган.

Мына ушул окуяларга байланыштуу өлкөдө «террор коркунучу» деген режим жарыяланган. Анын мөөнөтү келерки жылдын 15-январына чейин узартылган.

XS
SM
MD
LG