Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:57

Көчмөндөр оюндарына карата Ысык-Көлгө кошумча рейстер ачылды


"Тамчы" аба майданы.

"Тамчы" аба майданы.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучуларды жана көрөрмандарды ташууга Бишкектен жана Оштон Тамчыга кошумча каттамдар уча баштады. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинен “Азаттыкка” кабарлашты.

Алсак, “Эн белги” ансамблинин миң комузчусун ташууга гана үч авиакомпания тартылды. Аларды Боинг–737 учактары Бишкектен “Эйр Кыргызстан” жана “Эйр Манас”, ал эми Оштон “Авиа Трафик” авиакомпаниялары Ысык-Көлгө ташыйт. Кошумча Бишкек – Тамчы каттамдары 31-августтан, Ош – Тамчы 1-сентябрдан уча баштады.

Мындан сырткары Оштон “Тез жет” авиаишканасы Тамчыга 99 орундуу БАэ–142-600 учагы менен көрармандарды ташыйт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG