Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Чек ара кызматы: өзбек тик учактары жеке курамды алмаштыруу үчүн келген


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 2-сентябрда Аксы районундагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын Ми-8 үлгүсүндөгү эки тик учак конгонун бышыктады. Мекеменин тараткан билдирүүсүндө коңшу мамлекеттин тик учактары өзбек милиция кызматкерлеринин жеке курамын алмаштырып жана канистрлерде таза суу алып келгени айтылат. Маалыматка караганда, учурда Үңкүр-Тоодогу өзбек күчтөрүнүн саны 15-20 чамалуу. Кыргызстандык чек арачылар да аталган аймакта аскердик күчтөрдү бекемдеген.

Үңкүр-Тоодогу телемунарада иштеген төрт кыргызстандык жаран дале Өзбекстанда кармалып турат. Чек ара кызматынын билдиришинче, аларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG