Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Медакадемия аппарат жетекчисинин өлүмү боюнча сот башталат


Абдыкерим Гапаров.
Абдыкерим Гапаров.

Бүгүн Бишкек гарнизондук аскер соту Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровдун өлүмүнө байланышкан ишти кароого киришет. Бул тууралуу маркумдун бир тууганы Адыл Гапаров билдирди.

Маалыматка караганда, бул иш боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрү кызмат абалынан аша чапкан жана маркумдун ден-соолугуна олуттуу зыян келтирип өлүмгө жеткирген деп айыпталууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Абдыкерим Гапаров 26-февралда пара алып жаткан жеринен колго түшөрдө жүрөгү кармап каза болгонун жарыялаган. Бирок окуу жайдын жамааты жана маркумдун жакындары Гапаровду кармоодо жол-жобо одоно бузулганын, операция учурунда анын иш бөлмөсү ичинен бекитилип, сырттан башкаларды киргизбей коюшканын, мунун айынан адам өмүрү кыйылганын айтышып, өлкө жетекчилигине кайрылышкан. Окуяны Башкы прокуратура жана Бишкектин Октябрь райондук милициясы териштирген. (NT)

XS
SM
MD
LG