Линктер

Өзбекстандын министрлер кабинети бүгүн, 2-сентябрда президент Ислам Каримовдун абалы начар деген билдирүү таратты. Бул тууралуу мамлекеттик гезит жазып чыкты. Анда мээсине кан куюлуп, өткөн ишембиде ооруканага түшкөн мамлекет башчынын абалы кескин начарлаганы, дарыгерлер оор деп атап жатканы айтылат.

1-сентябрь Эгемендик майрамы Өзбекстанда быйыл президентсиз өттү.

29-августта ал каза болгонун айрым маалымат каражаттары жазган, бирок бул маалымат расмий тастыктала элек.

Кечээтен бери Каримов туулуп өскөн Самаркан шаарында көчөлөр тазаланып жатканы кабарлады. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG