Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Баткенде өрт менен жол кырсыгынан набыт болгондорго куран окулду


Москвадагы өрттө каза болгон кыргызстандык кыз-келиндер.
Москвадагы өрттө каза болгон кыргызстандык кыз-келиндер.

Баткен облусунун аймагындагы мечиттерде жума намазынын алдында 27-августта Москвада "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампадагы өрттөн жана ошол эле күнү Бишкек-Ош каттамындагы жол кырсыгынан каза тапкандарга багышталып куран окулду. Өткөн жума соңунда Москвада "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампадан өрт чыгып, биринчи кабаттан лифттин шахтасы аркылуу төртүнчү кабатка чейин тарап, ал жакта жумушка келип кезек алмашып жаткандар калып калган. "Тилсиз жоодон" он жети адам каза тапкан, анын он төртү кыргызстандык кыз-келиндер. Ошол эле күнү Бишкек-Ош каттамынын 178-чакырымында "Мицубиси Лансер" жана "Фольксваген Пассат" автоунаалары кагылышып тогуз жаран каза болгон. (JsA)

XS
SM
MD
LG