Линктер

Өзбекстан Reuters агенттигинин билдирүүсүнө комментарий бере элек


Самаркан, 2-сентябрь, 2016-жыл

Самаркан, 2-сентябрь, 2016-жыл

Reuters агенттигинин Ислам Каримов дүйнө салганы тууралуу кабарына расмий Ташкен азырынча комментарий бере элек.

Өзбекстандын "Калк сөзү" гезити бүгүн Каримов 27-августта ооруканага жаткырылганын, соңку бир сутка ичинде анын абалы кескин начарлап, азыр оор экенин жазып чыкты.

Бир аз өткөндөн кийин Reuters агенттиги үч дипломатиялык булакка шилтеме берип Каримов дүйнө салганын кабарлады.

29-августта президенттин кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева Instagram, Facebook баракчаларына атасы мээсине кан куюлуп, инсульт болуп Ташкендеги оорукананын интенсивдүү терапия бөлүмүндө реанимацияда жатканын жазган.

"Азаттык" радиосунун өзбек кызматы Каримов туулуп өскөн Самаркан шаарында учурда борбордук көчөлөр тосулуп, Регистан аянтына кызыл килем төшөлгөнүн, үн катуулаткычтар орнотулганын кабарлоодо. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG